Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү

Кыргызстанда бизнес чөйрөсү кабылып жаткан көйгөйлөр жана ишкерлердин мамлекеттик мекемелер менен болгон алакасы бүгүн бир аянтчада талкууланды. Президент Садыр Жапаров бизнес коомчулук менен жолугушуп, анда мамлекеттик органдар тарабынан жылдап чечилбей келе жаткан маселелер айтылды. Өлкө башчысы тарабынан ыкчам чараларды көрүү тапшырмасы коюлду. Белгилей кетсек, азыркы күндө өлкөнүн ички дүң продукциясынын 85 пайызын бизнес түзөт. Андыктан бул тармакты колдоого алып, ишкерлерге шарт түзүү азыркы учурда мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.