Жаңылыктар
Өлкөдөгү ички инвесторлорго дагы көңүл буруу абдан маанилүү - президент Садыр Жапаров
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү ички инвесторлорго дагы көңүл буруу абдан маанилүү - президент Садыр Жапаров

«Бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү менен бирге тышкы инвесторлорго гана эмес, ички инвесторлорго дагы көңүл буруу абдан маанилүү», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бизнес коомчулук менен болгон жолугушууда. 

Мамлекет башчысы инвесторлор менен иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Инвестициялар министрлиги түзүлгөндүгүн белгиледи. Бул министрликке олуттуу тапшырмалар жүктөлүп, андан жакынкы арада чечкиндүү кадамдар күтүлүп жаткандыгын айтты. Садыр Жапаров Башкы прокуратура ишкерлерди жана инвесторлорду коргой турган негизги органга айланышы керектигин өзгөчө белгиледи. Айтымында, мындан ары Башкы прокуратура бизнестин таламын талашкан, укугун коргой турган милдеттерди алат. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага атайын жана тийиштүү чечимдерди тез арада даярдап чыгуу тапшырылды. 

Бул чараны ишке ашырууну тездетүү үчүн Министрлер кабинетинин Төрагасына жана Башкы Прокурорго тапшырма берилди. Мындан сырткары, Президент алдыдагы дагы бир маанилүү иш-чаралардын бирине — Соода-өнөр жай палатасын кардиналдуу түрдө реформалоого токтолду. Бул уюм ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп, эл аралык ишкерлер менен байланыштарды чыңдап, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында мамлекет менен эриш-аркак иш алып барышы керек, - деди.