Башкы прокуратура жарандарга электрондук негизде көмөк көрсөтүү үчүн “Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемесин ишке киргизди.
Порталга прокуратуранын сайты аркылуу же плеймаркеттен көчүрүү жолу менен катталса болот. Анда бардык жарандар прокуратурага тиешелүү болгон суроолорун берип жооп алышат. Мындан сырткары ар бир жарандын кайрылган маселесине жараша түрдүү адистер укуктук жактан кеңештери менен бөлүшөт. Анда тейлөөнүн 13 түрү боюнча кызмат көрсөтүлөт. Жыл башынан бери прокуратурага жарандардан түрдүү багыттагы 30 миңден ашык арыз-даттануулар келип түшкөн. Алардын 2 миңден ашыгы зордук-зомбулуктан жабыркаган жарандар.
Андан сырткары турак жай көйгөйлөрү жана балага алимент ала албай жүргөн энелерден кайрылуулар көп. Жарандардын кайрылган маселеси купуя сакталып, ар бир кайрылуу өзүнчө штрих-код менен корголгон. Аны башка кайрылгандар көрө албайт. Арыздар 14 жумушчу күндүн аралыгында каралып, тиешелүү тараптарга жооп алынып берилет.