Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат. Буга байланыштуу президенттин жарлыгы даярдалып жатат.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукканда айтты. “Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келгенбиз жана аны жоюу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Бул бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадам болгон. Муну улай УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат”, - деди Жапаров.