Жаңылыктар
Алдамчылык жолу менен чала тааныш адамдын 12 миң долларын ээлеп алууга шектүү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Алдамчылык жолу менен чала тааныш адамдын 12 миң долларын ээлеп алууга шектүү кармалды

Алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган шектүү адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына жаран арыз менен кайрылып, анда анын ишенимине кирип, пайдалуу келишим түзөбүз деген шылтоо менен 12 миң АКШ долларын ээлеп алган адамга карата чара көрүүнү суранган. Аныкталгандай, шектүү өзүн автоунаалар менен алектенген ишкер катары тааныштырып, "Toyota Land Cruiser 200" үлгүсүндөгү автоунааны сатып алууну көздөп жатканын, бирок акча каражаты жетпей турганын айткан. "Чала тааныш адамдын айткандарына ишенген жабырлануучу ири өлчөмдөгү акча каражатынан кол жууган. Акча каражатын алган соң шектүү белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен", - деп айтылат маалыматта. 

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “Алдамчылык” беренси менен сотко чейинки өндүрүш катталган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү делип 1983-жылы туулган жаран кармалды. Маалым болгондой, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы билинген. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.