Жаңылыктар
Россияда "Спутник V" вакцинасы 12-17 жаштагыларга кандай таасир этери изилденет
Кыргызстан жаңылыктары
Россияда "Спутник V" вакцинасы 12-17 жаштагыларга кандай таасир этери изилденет

Июль айынан тарта Россияда "Спутник V" вакцинасы 12-17 жаштагыларга кандай таасир этери изилдене баштайт. Ал эми Pfizer вакцинасы 2021-жылдын март айында 12 жаштан жогорку балдарга жарайт деген бүтүм чыккан. 

Өспүрүмдөр адатта COVID менен жеңил формада оорушат. Бирок алар дайыма чоңдор менен байланышта болгондуктан, аларга жугузуп албоо үчүн вакцина алышы керек. Ошол эле учурда дарыгер балдар коронавирустун жаңы штаммдарын, анын ичинде "индия" штаммын кандай кабыл алары тууралуу маалыматтар жок экенин айтат. Июль айынан тарта Россияда "Спутник V" вакцинасы 12-17 жаштагыларга кандай таасир этери изилдене баштайт. 

Дарыгердин айтымында, бул нерсе жаңылык эмес. 2021-жылдын март айында Pfizer вакцинасы 12 жаштан жогорку балдарга жарайт деген бүтүм чыккан. Ал эми AstraZeneca вакцинасы кыйыр таасиринен улам изилдөөгө алынбай токтоп турат.