Жаңылыктар
Руслан Казакбаев Кипр Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андреас Зинонос менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев Кипр Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андреас Зинонос менен жолугушту

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кипр Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андреас Зиноносту кабыл алды. 

Жолугушууда элчинин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрү тапшырылып, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү талкууланды. Тараптар айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү жана илим, дене тарбия жана спорт, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөлөрүндөгү кыргыз-кипр кызматташтыгын талкуулашты. 

Казакбаев 2023-2025-жылдарга карата БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине, 2027-2028-жылдарга карата БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоону өтүндү. Элчи кыргыз-кипр мамилелерин активдештирүү жана эки тараптуу кызматташууну практикалык тегиздикке өткөрүү үчүн максималдуу күч-аракеттерди жумшоого даяр экендигин билдирди.