Жаңылыктар
Автоунаа жүргөн жолдун туура эмес жеринен кесип өткөндөргө айып пул салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Автоунаа жүргөн жолдун туура эмес жеринен кесип өткөндөргө айып пул салынат

Бишкек шаарынын милициясы автоунаа жүргөн жолдун туура эмес жеринен кесип өткөндөргө 1000 сомдон айып салына тургандыгын эскертти. 

Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жолду туура эмес жерден кесип өткөндөргө эскертүү иретинде тасма тарткан. Андан милиционердин эскертүүсү менен айып салганына карабай жөө жүргөн кишини жолдун кооптуу жеринен өтүп баратканда автоунаа сүзүп кеткенин көрүүгө болот.

Тартип коргоочулар маршруткада келе жатканда жолдун ортосунан же көчөнүн кесилишинен түшүп кетүү кооптуу экендигин эскертишкен. Мындай айыптар жөө жүргөндөргө, велосипедчендерге жана мал айдагандарга салынат.