Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шакен Чекаев мындан 80 жыл мурда, 22-июнда Брест чебинде фашисттик баскынчылардын чабуулун алгачкылардан болуп кабыл алып, айыгышкан согушту баштан кечирген.
Беш жыл бою согуш майданда татыктуу атуулдук милдетин аткарып, үйүнө аман кайтып келген. Бул жерде да бир топ кызматтарда эмгектенип, 85 жаш курагында көз жумган. Ардагердин урматына өзү туулуп өскөн Ысык-Көл районунун Ак-Өлөң айылынын орто мектебинде окуу музейи ачылды.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Шакен Чекаев 1920-жылы Ысык-Көл районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Ал 1940-жылы Советтик армиянын катарына чакырылып, Белоруссияда кызмат өтөгөн. Бир жылдан кийин, Германия Советтер Союзуна күтүүсүздөн кол салган учурда Брест чебинде калып, биринчилерден болуп салгылашты баштан кечирет.