Жаңылыктар
Республикадагы вирусту аныктоочу лабораториялар күнү-түнү иштөөгө өтүштү
Кыргызстан жаңылыктары
Республикадагы вирусту аныктоочу лабораториялар күнү-түнү иштөөгө өтүштү

Өлкөдө июндун соңку күндөрүндө жана июлдун башында коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, оору азыркыдан да курчуп кетиши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. 

COVID-19 вирусунун жайылышын изилдеп жатышкан адистер, бүгүнкү күнү миңге чукулдаган илдет жуктургандардын саны алдыда 1500 адамдан ашып кетиши мүмкүн экендигин эскертишүүдө. Ал арада республика боюнча вирусту аныктоочу лабораториялар күнү-түнү иштөөгө өтүштү. 

Күн өткөн сайын вирусту аныктоочу жайларга кайрылгандардын саны көбөйдү. Бир ай мурда ПЧР-анализ тапшыргандар 3-4 миңдин тегерегинде болсо, ушул тапта эки эсеге жогорулап, 7-8 миңге чукулдады. Мындай кырдаалдан улам, республикадагы вирусту аныктоочу лабораториялар күнү-түнү иштөөгө өтүштү.