Жаңылыктар
Заманбап технология ишке киргенден бери өлкөдө сүт өндүрүү 25 пайызга жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
Заманбап технология ишке киргенден бери өлкөдө сүт өндүрүү 25 пайызга жогорулады

Кыргызстанда сүттүн сапатын көзөмөлдөөчү санарип платформасы ишке киргизилгенден бери, сүттү өндүрүү 25% пайызга жогорулады. 

Ал арада 6 миңден ашык фермерлер бул багытта атайын окуудан өттү. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги пилоттук долбоорлор ийгиликтүү аяктаса, бул аракетти баардык аймактарда улантууну көздөп жатат.

Мурда сүт азыктарын өндүрүүчү ишканалардагы сүттүн сапаты дал ушундай жөнөкөй ыкма менен, тагыраагы бир канча идиштерге куюштуруп отуруп, көп убакыттан кийин гана текшерилчү. Азыр сүттүн курамын текшерүү аз гана убакытты сарптайт. Анткени Ысык-Көл облусундагы 4 сүт ишканасында сүттүн сапатын көзөмөлдөөчү санарип платформасы киргизилген.