Жаңылыктар
ӨКМда иштеген 10% ашык кызматкерлер адистиги боюнча аттестациядан өткөн жок
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМда иштеген 10% ашык кызматкерлер адистиги боюнча аттестациядан өткөн жок

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген 10% ашык кызматкерлер адистиги боюнча аттестациядан өткөн жок. Бул багытта министрлик жыл башынан бери аткарылган иштер тууралуу маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, аттестациянын максаты кызматкерлердин санын кыскартуу эмес, алардын дене тарбиясын жана жөндөмдүүлүгүн текшерүү болду. “Кызматкерлер үч ай даярдык көрүп, теориялык жана практикалык сынактарды тапшырды. 

Жыйынтыгында кызматкерлердин 10%ы аттестациядан өтө алган жок”, - деди ал. Кадрдык маселени тактап алган соң, буга чейинки жалаң бюджетти караган ишкана быйыл эл аралык уюмдар менен иштешип тармагын техникалык жактан бекемдегенге жетишти. Учурда министрликте техникалык жактан аксоо бар. Өрт өчүрүү жана куткаруу тармагында техникалар эскилиги жетип, жаңылоого муктаж. Азыркы тапта өлкө боюнча 90 өрт өчурүү ишканасы болсо дагы кошумча Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарына бөлүмдөр ачылганы жатат. Быйыл министрликтин түзүлгөнүнө 30 жыл болот. Ага карата дагы бир катар кошумча техникалар алынат.