Бишкек шаардык соту "Кумтөр ишине" байланыштуу камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын жабык карап, аны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырды. Соттук кароого саясатчынын адвокаты үй камагына чыгаруу тууралуу арыз жазганы себеп болгон.
Жараян болуп жаткан соттун имаратынын алдына Бабановдун ондогон тарапташы чогулуп, "Үй камагына чыксын!", "Боштондук!" - деп кыйкырып турушту. Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Биричи Май райондук соту анда саясатчыны эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган болчу.