Улуу Ата Мекендик Согуш учурунда немецтик фашисттерге туруштук берген чек арачылар эскерилди. Сексен жыл өтсө да Советтер Союзунун чек арачыларынын эрдиги эч качан унутулбайт.
Алардын кайраты менен каармандыгы өмүр бою даңазаланышы керек, - дейт Кыргызстандын УКМКсынын чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Чолпонбек Буржуев. Эскерүү иш-чарасына Кыргызстандын чек арачылары менен Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Кыргызстандагы полковниктери менен офицерлери келип, гүл коюшту.