Нарында "Өспүрүм - эмгек" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, облус аймагында шаар, райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз жумушка тарткан фактыларды, алардын ичинен эң начар формадагы жумуштарда иштеген балдарды табуу максатында соода-сатык түйүндөрү, майда базарлар, авто бекеттер, унаа жууган жайлар, кафелер, интернет жана компьютердик клубдар текшерилип 5 өспүрүм иштеп жаткандыгы аныкталды.
Аныкталган өспүрүмдөр жана башка укук бузуулар, жашы жете электердин ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч алып келүүчү жумуштарга иштөөсүн алдын алуу багытында тиешелүү мекемелерге жалпы 35 сунуш каттар жиберилип, алдын алуу иштери жүргөн. Иш-чаранын жүрүшүндө Ат-Башы райондук милициясы 1 уурдоо фактысынын бетин ачкан.