Жаңылыктар
Тенгиз Бөлтүрүк: Кумтөргө 300гө жакын Кыргызстандын жаранын ишке алабыз
Кыргызстан жаңылыктары
Тенгиз Бөлтүрүк: Кумтөргө 300гө жакын Кыргызстандын жаранын ишке алабыз

Кумтөр алтын кенине дагы 300гө чейин жаңы иш орундары ачылып, окуу жайды бүткөн жаш адистер орношот. Ал 2021-жылдын аягына чейин ишке ашат. Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясына тыштан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк 21-июнда “Биринчи радиого” курган маегинде айтты. 

Кызматтык кыскартуулар болгон жок. Тескерисинче, иш орундар көбөйөт. Тоо-кен тармагында иштеген тажрыйбалуу адистер керек болуп жатат. Алар Кыргызстандын жараны болушу шарт. Ошондуктан Кумтөргө 200-300 кишини ишке алабыз. 

Ашпозчу, айдоочулардан баштап инженерлик кызматка чейин 50дөн ашык кесиптин ээлери иштесе болот, - деди Бөлтүрүк. Ушу тапта Кумтөр алтын кенинде 3500дөн ашык киши иштейт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизилген.