Жаңылыктар
Борбор калаада жаңы автобустар каттай баштады. Бир апта шаардыктарды акысыз ташыйт
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада жаңы автобустар каттай баштады. Бир апта шаардыктарды акысыз ташыйт

22-июнь күнү Бишкекте жаңы 50 автобус каттай баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Өзбекстанда өндүрүлгөн ISUZU үлгүсүндөгү автобустардын узундугу 6,9 метрге жетет. Эки эшиктүү автобуска 38 киши батат, анын ичинде 16сы орундукка отуруп барат. Автобустар дизель майы менен жүргөндүктөн кыска убакыт ичинде алып келинди. Газ менен жүргөндөрү шаарга 1-июлга чейин жеткирилет. Бардыгы 350 автобус алып келүү пландалып жатат, - деп айтылат билдирүүдө. 

Бишкектеги жаңы автобустар беш маршрут боюнча бир апта бою белек катары шаардыктарды акысыз ташымай болду. Эске салсак, муниципалитет Япониянын Isuzu үлгүсүндөгү газ менен жүргөн 350 автобусун алып келип иштетүү үчүн жеткирүүчү компания менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон.