Жаңылыктар
Бишкекте "Биздин замандын легендалары" долбоору башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте "Биздин замандын легендалары" долбоору башталды

Бишкекте "Биздин замандын легендалары" долбоору башталды. Анын алкагында, мык менен жип аркылуу тартылган 100 футболчунун сүрөттөрүн бир галереяга чогултуу пландалууда. Бул эмгектер Катарда өтө турган 2022 ФИФА дүйнөлүк кубогунда көрсөтүлмөкчү.

Сүрөтчү Азамат Жаналиев мык жана жип менен стринг арт ыкмасы аркылуу портреттерди тартып келет. Бүгүнкү күндө 60тан ашык эмгеги бар. Эми бул таланты менен Кыргызстандын заманбап искусствосун бүткүл дүйнөгө таанытууну көздөп жатат.

Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга арналган "Биздин замандын легендалары" долбоору сүрөтчү Азамат Жаналиевдин демилгеси менен старт алды. Анын алкагында, дүйнөдөгү белгилүү 100 футболчунун сүрөттөрү мык, жип менен тартылып, эмгектер Катарда өтө турган 2022 ФИФА дүйнөлүк кубогунда көрсөтүлмөкчү. 

Белгилүү футболчулардын портреттин жаратууга ар бир жаран катыша аталат. Символикалык түрдө мык кагып, долбоордун катышуучусу аталат. Бишкекте өтүп жаткан иш-чараны колдоп Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чеберлери, футболчулар келишти.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чараны республиканын аймактарында да өткөрүү мерчемделүүдө. Сүрөттөр 2022-жылдын күз айына чейин бүткөрүлүп, аукционго коюлат. Түшкөн каражат кайрымдуулук ишине жумшалат.