Жаңылыктар
Ала-Бука районунда ири соода-логистикалык борбордун курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Бука районунда ири соода-логистикалык борбордун курулушу башталды

Кыргыз-өзбек соода алакасын күчөтүү максатында курулуп жаткан борбордун капсула салуу аземине Жалал-Абад облусунун жана Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун бийлик өкүлдөрү катышты. Бардык тармакты камтыган соода-логистикалык борбордун курулушу бүткөрүлсө, ошол аймакта эки жарым миңге жакын жумуш оруну түзүлөт деп пландалууда. 

Капсуласы салынган соода-логистикалык борбор Ала-Бука районунун чек ара менен чектеш болгон Баястан айылында курулууда. Жалпы аянты 20 гектарды ээлейт. Улан Максымбековдун айтымында, борбор эки этап менен курулат. Биринчи бөлүгүн сентябрь айында бүткөрүү мерчемделген. Негизинен соода- логистикалык борбору айыл чарба продукциясынын бардык түрүн, андан сырткары эт азыктарын сактоо, экспортко чыгаруу багытында иш алып барат. 

Соода-логистикалык борбор бүткөрүлсө кыргыз-өзбек биргелешкен ишканалары түзүлөт. Өзбекстан аймагында атайын бөлүмдөрү болот. Өзбек ишкерлер менен иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 

Соода- логистикалык борбордун курулушу Кыргызстан- Өзбекстан өлкөлөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашып жатат. Буга чейин эки мамлекеттин башчылары Ташкент шаарында жолугуп, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык, маданият жана туризм багытында кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишимдерге кол коюшкан. Анда Жалал-Абад - Наманган облусунун ортосунда 22 пунктан турган “жол картасы” кабыл алынган болчу. 

Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин айтымында, Жалал-Абад шаарына текстиль ишканасы курулат. 30 миллион долларлык долбоорду кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоо жагы каралууда. Ал фабрика курлса, 500 кишиге жумуш орун түзүлөт.