Жаңылыктар
Ак-Ордо конушуна стела орнотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Ордо конушуна стела орнотулду

Ленин районунун аймагындагы Ак-Ордо конушунда аймактын өзүнүн стеласы орнотулгандыгын мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 

Аны Гагарин жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишине тургузган. Конуштун белгисин "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары орноткон. Бийиктиги жети метр болгон стеланын өзү жана анын ири тамгалары аталган компаниянын усталарынын колунан чыккан. 

Ал граниттен жасалып, тоонун элесин берип турат. Жанына отургучтар орнотулуп, көп жылдык арчалар тигилген. Мэриядан анын бардык элементтери түндө ар түрдүү жарыктарды чачыратып күйүп турарын айтышты.