Жаңылыктар
Кыргызстандын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй облусунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.