Алдыда суу көйгөйүн чечип, ирригациялык тармактарды оңдоп, сугат жерлердин аянтын көбөйтүү үчүн жаңы каналдарды куруу зарыл болуп турат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда баса белгиледи. Ошондой эле сугат суу өксүгүн жоюу үчүн эски скважиналарды оңдоп, жаңыларын казып, сууну сарамжал пайдалана турган заманбап технологияларга өтүүнүн мезгили келди деди.
Тилат Ашировдун 5 гектар жүгөрүсүнүн теңи бир дагы жолу суу иче элек. Аргасы кеткен дыйкан 3 күн бою челек менен суу ташып бир бөлүгүн сугарган. Эгер бир апта ичинде суу келбесе жүгөрүнүн көбү күйүп кеткени турат. Киреше булагына каражат салган дыйкан быйыл түшүм албай калам деп үмүтү өчө баштаганын айтат.
500 гектардан ашык аянтты сугат суу менен камсыздаган айланадагы жалгыз күнүмдүк суу сактагычта секундасына 150 литр суу агып жатат. Кичине көлөмдөгү суунун көзүн ондогон дыйкан карап, кезектешип алууда.
Суу чарба адистери сугат суу маселеси курч бойдон экенин, жетиштүү көлөмдөгү суу мөңгүлөр ээригенде гана келээрин билдирди.
Орто-Токой суу сактагычында дагы суунун деңгээли төмөндөдү. Чүй облусунда суу тартыштыгына байланыштуу Орто-Токой суу сактагычынан суу алынып, коё берүү көлөмү жогорку белгини – 120 кубду түзүүдө, өткөн жылы бул көлөм 90-100 кубга жеткен. Суу сактагычтын абалы менен таанышууда Министрлер Кабинетинин башчысы бир катар маселелери көтөрүп, бул аргасыз чара болуп жатканын, кырдаал жөнгө салынары менен суу сактагычтан сууну коё берүү көлөмү кыскартылаарын билдирди.
Чүй облусунда союз маалынан калган миңге жакын скважина бар. Адистер учурда аларды ишке киргизүү аракетин көрүүдө.
Жаратылыштын сыноосу сугат суу тутуму эскиргенин жана жаңылоого муктаж экенин көрсөттү. Мындан улам алдыда жоготууларды азайтуу максатында ички арыктарга латокторду орнотуу жана жаңы каналдарды куруу милдети турат. Чүй өрөөнүндөгү сугат суу маселеси менен жеринен таанышкан Улукбек Марипов жакын арада түштүк Чоң Чүй каналынын курулуш долбоору боюнча сунуш киргизүүнү жана курулуш иштерин баштоону тапшырды.