Жаңылыктар
Анык сактанчу учур эми келди
Кыргызстан жаңылыктары
Анык сактанчу учур эми келди

Бишкекте түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу жайлар, кафелер, караоке менен барлардын кечки саат 11ден эртең мененки саат 7ге чейин иштешине тыюу салган чектөө алынып салынды. 

Мындай чечим Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушканда кабыл алынды. Өлкөдө болсо коронавирус илдети күч алууда. 

Вирус бүгүн дагы 585 адамдан табылды. Андыктан дарыгерлер коомчулукту вирус жуктуруудан оолак болуп, санитардык нормаларды так сактоого чакырат. Айтымдарында вирустун былтыркы түрүнө караганда азыркы жаңы штаммы алда канча кооптуу.