Жаңылыктар
Кыргыз-орус кызматташтыгы өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-орус кызматташтыгы өнүктүрүү

Стратегиялык өнөктөштөр Кыргызстан менен Россия кызматташтык алакаларын дээрлик бардык багыттар боюнча жүргүзүүдө. Алар саясат, экономика, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармактары. Активдүү кызматташтык алакаларына эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын байланышы да түрткү берүүдө. 

Садыр Жапаров менен Владимир Путин май айынын соңунда Сочиде жолугуп, бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашкан. Соода экономикалык мамилелер, коронавируска каршы күрөшүү жана эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүлө турган иш-чаралар биринчи кезекте ортого салынган.

Эки тараптуу алакада азыр негизги басым соода экономикалык кызматташтыкка жасалып жаткан учур. Пандемия жана анын артынан киргизилген чектөөлөр чек аралардын жабылышын шарттап, экономикалык көрсөткүчтөрдү, анын ичинен соода жүгүртүүнүн көлөмүн кыскартты. Буга карабастан Кыргызстан менен Орусия негизги тышкы соода өнөктөштөр. Сочиде болгон жолугушууда мамлекет башчылары бул маселе эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери тарабынан жөнгө салынарын билдиришкен.

Президенттер жакында эле болуп өткөн кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу маселени талкуулашып, андан сырткары Садыр Жапаров орус тарапка пандемияга каршы күрөшүү маселесинде колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген. Мамлекет башчылары ар кыл тармактагы маселелер боюнча мындан ары дагы сүйлөшүүлөрдү улантууга даярдыгын билдиришкен.
Ал эми коронавируска каршы күрөшүү маселесине токтолсок, өткөн жайда Кыргызстанга Орусиядан бир нече дарыгерлер тобу келген. Алар бир нече багыттар боюнча медицина адистери, алардын арасында пульмонологдор жана инфекционисттер келген. Гуманитардык жардам катары дары дармектин түрлөрү, быйыл болсо Спутник вакцинасынын бир нече бөлүгү алынып келинди.

Өткөн жылы болсо эки өлкөнүн эриш аркак жылынын алкагындагы иш-чаралар баштып, ал кеңири масштабдагы гала концерт менен ачылган. Эриш аркак жылы бир гана маданий иш-чаралар менен чектелбейт, ал өзүнө эки элдин ынтымак биримдигин бекемдөө, ар кыл тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттери менен коштолот. Пандемияга байланыштуу бир нече программа өткөрүлбөй калды, бирок алардын бардыгы келечекте ишке ашарын орусия президенти белгилеген. 

Кыргызстан менен Орусия ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында да тыгыз кызматташып келет. Ал эми жогорку деңгээлдеги саясий алака эки өлкөнүн кызматташтык алакаларын, аны менен катар кыргыз орус мамилелерин бекемдөөгө да түрткү берет.