Талас облусунун Бакай-Ата районунда жааган жаандын кесепетинен коктулардан келген сел каналга батпай 26,4 гектар айдоо аянттарын, 1,2 гектар алма бакты, үч турак үйдүн короосун жана бир бала бакчанын жер төлөсүн каптаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кызыл-Жар, Жалпактил, Кайназар-2, Кайырма, Бөлтөк суугат каналдарынын айрым жерлери сел калдыктарына толгон. Ошондой эле Кара-Коюн капчыгайындагы ички чарбалык жолдун беш жерин, Үрмарал өзөнүндөгү ички жолдун эки жерин сел каптаган. Селдин кесепетинен таза суу түтүгү бузулуп, айылдын айрым жерлеринде суу берүү токтотулган.
Жеринде райондук жарандык коргонуу комиссиясы, суу чарба башкармалыгынан бир экскаватор, айыл аймактан бир жүктөгүч тартылып, жергиликтүү тургундар тарабынан турак үйдүн короолору, бала бакчанын жер төлөсү толук тазаланып, ички чарбалык унаа жолдор толук калыбына келтирилди. Ал эми сугат каналдарын тазалоо иштери 21-июнь күнү улантылат.