Жаңылыктар
УКМК: Бабанов убактылуу кармоочу жайда машыгып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Бабанов убактылуу кармоочу жайда машыгып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып жаткан Өмүрбек Бабанов ал жакта машыгып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. 

"Убактылуу кармоочу жай режимдик объект болгондуктан анын ичинде сүрөт-видеого тартуу тыюу салынган. Аталган видеоматериал фейк", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалган. Мындан мурда маалымдалгандай, УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ар түрдүү этапта ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда. 

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 31-майда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренси боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалган.