Жаңылыктар
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкөдөгү аэропортторго убактылуу чектөө киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкөдөгү аэропортторго убактылуу чектөө киргизилет

Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу 24-июндан тартып «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун бекеттерине узатуучулар жана тосуп алуучулар киришине убактылуу чектөө киргизет. 

«Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашкандай, аэропорттордун имаратына көрсөтүлгөн күнгө учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алат. Бул чектөө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө калат. Аэропорт жетекчилиги жүргүнчүлөр жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн кабыл алынган бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, ыңгайсыз жагдай үчүн кечирим сурайт.