"Сот тутумундагы кызматкерлер коомдогу болуп жаткан бардык көрүнүштөргө кайдыгер болбошу керек жана эл менен тыгыз байланышта болуп, сот тутумунун аброюн жогорулатуу үчүн мыйзам чегинде гана иштеп, чечимдерди сапаттуу, адилеттүү жана өз учурунда кабыл алуу менен жоопкерчиликти сезиши керек". Мындай пикирин Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Ысык-Көл жергесине болгон иш сапары учурунда билдирди.
Төрайым облустун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондорунун жана Каракол шаары менен Ысык-Көл облустук сотторунун иши менен таанышты. Анда жергиликтүү соттун кызматкерлери менен сот тутумундагы реформалар, эмгек акы, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча талкуулап, "Жашыл сот" өнөктүгүнүн алкагында жүрүп жаткан иштерди көрдү. Нургүл Бакирова сот реформасын жүргүзүүдө жер-жерлердеги соттор, аппарат кызматкерлери, сот приставдары жана сот аткаруучудардын ролу чоң экенин белгиледи. Төрайым 5-майда күчүнө кирген Конституциянын жаңы редакциясына ылайык сот тутумунун ишин жөнгө салган бардык мыйзамдар өзгөрүүгө дуушар болорун белгиледи.
Башка жергиликтүү соттор менен бирге эле Ысык-Көл облусунун сотторунан тийиштүү мыйзамдарга сунуш-пикирлер Жогорку сотко келип түшкөндүгүн, учурда жумушчу топ аларды талкуулап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизип жаткандыгын айтты. Төрайым мыйзамдарга киргизилип жаткан бардык өзгөртүүлөр сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жакшыртууга жана соттордун көз карандысыздыгын бекемдөө үчүн шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.