Жаңылыктар
ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 

Чүй облусунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.