Жаңылыктар
«Баткен» бажысы тарабынан наркы 5 миллион сомдон жогору аткезчилик товар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
«Баткен» бажысы тарабынан наркы 5 миллион сомдон жогору аткезчилик товар кармалды

«Баткен» бажысынын кызматкерлери тарабынан наркы 5 миллион сомдон жогору аткезчилик товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүү фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө, «Баткен» бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Миң-Чынар-Апкан автожолунда Кыргызстан жаранынын башкаруусундагы «DAF» үлгүсүндөгү унаа текшерилген. 

Автоунаанын жүк бөлүгүндө эл керектөөсүндөгү товарлар бар экени аныкталган. Товардын болжолдуу жалпы наркы 5 млн сомдон жогору. Токтотуу учурунда айдоочу товар ташуунун мыйзамдуулугун ырастаган кандайдыр бир товар коштоочу документтерди көрсөтө алган эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Баткен облусунун милициясына берилген. Азыркы учурда тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат.