Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров бир катар аскер кызматкерлерин сыйлады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров бир катар аскер кызматкерлерин сыйлады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө эл-жерге кызмат кылуу — кандайдыр-бир сыйлыкка умтулуу эмес, өз өмүрүн, топтогон тажрыйбасын, болгон билимин Мекенге арнап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуу дегенди билдирерин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Айкөл Манас баштаган ата-бабаларыбыздан берки баатырлардын тизмесинин аягы бүтпөстүгүн, бүгүнкү Ата Мекенди коргоочулар өлкө үчүн жан аябай кызмат кылууга даяр экенин айтты.

Мамлекет башчысы ар бир жаранды бир максатты көздөп, биргеликте иш алып барууга чакырып, кыргызстандыктар учурдагы бардык кыйынчылыктарды ынтымак менен гана жеңип чыга алаарын белгиледи.

«Кынтыксыз кызматыңар, кызматтык жана аскердик милдеттерди өтөөдөгү өлчөөсүз эрдигиңер келечек муунга үлгү болсун!», — деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.








facebook sharing button

twitter sharing button

vk sharing button

odnoklassniki sharing button

whatsapp sharing button

print sharing button

email sharing button





ИЮНЬ 2021

ДшШшШрБшЖмИшЖш
31123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
2829301234
567891011


Жаңылыктар архиви


МАТЕРИАЛДАРГА ЖАЗЫЛУУ