Жаңылыктар
Бишкекте бир жумада 5 миң 124 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте бир жумада 5 миң 124 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

Бишкекте бир жумада 5 миң 124 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 50 айдоочу мас абалында автоунаасын айдап чыккан. 10 айдоочу унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып алса, 48 киши айдоочулук күбөлүгү жок айдаган. Ал эми авто ээнбаштык боюнча 1 факт катталды. 

Башка жол эрежелерин бузган - 5 015 учур аныкталды. 375 автоунаа убактылуу айып төлөтүүчү жайга токтотулду.