Жаңылыктар
Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу курулуш материалдарынын баасы өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу курулуш материалдарынын баасы өстү

Кыргызстанда өткөн жылдын май айына салыштырмалуу курулуш материалдарына карата баалар 10,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

Маалыматка ылайык, быйыл азык-түлүктөн башка товарлардын наркы жалпы республика боюнча 4,2 пайызга өстү. Муну менен бирге, кирпич - 17 пайызга, кесилген жыгач материалдар - 15,6 пайызга, шифер - 15,2 пайызга, цемент - 10,4 пайызга эң көп кымбаттаган материалдар болуп белгиленген.

Айрым аймактарда кирпичтин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты. Баалардын эң жогорку деңгээли Нарын жана Талас облустарында байкалды. Кесилген жыгач материалдар Баткен жана Жалал-Абад облустарында олуттуу кымбаттаганы катталды.