2021-жылы Кыргызстан Кореянын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине кирди. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин президенти менен жолугушуп, жакынкы жылдарга кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Элчи айым айылдарды, айыл чарбасы, билим берүү, санариптештирүү, өрт коопсуздугун жана башка маанилүү социалдык-экономикалык тармактарды өнүктүрүүгө багытталган жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандын автоматташтырылган шайлоо тутумун өркүндөтүүгө, ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга жана элди таза суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты улантууга макулдашкан.