Кыргызстанда коронавирус дагы 585 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 353, Ош шаарында – 54, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 19, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 80, Баткен облусунда – 35 адамдан илдет табылды. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 403 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 803 адам дарыланууда.
Алардын ичинен 101 бейтап өтө оор абалда жатат. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.