Бишкек шаардык санитардык инспекциясы кафе-ресторан жана тез тамактануучу жайларда санитардык нормалардын сакталышына рейд жүргүзүп, жыйындыгында 6 жайга айып пул салды.
Алар “Соң-Көл”, “Аксарай Сити Холл”, “Президент Сити Холл” ресторандары “Тумар”, “Чарпая”, “Бархат” чайканасы. Тизмектелгендердин ар бири 3 миң сомдон төлөп, “Бархат” чайканасы 23:00дөн кийин дагы ишин улантканы маалым болгон. Жалпысынан Октябрь районунда - 15, Свердлов районунда - 13, Биричи май районунда - 16, Ленин районунда болсо - 12 көңүл ачуучу жайы текшерилди.