Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда, - деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, шаарда эпидемиологиялык кырдаал начарлоодо.
Күндүзгү стационарлар Биринчи май районундагы Патрис Лумумба көчөсү 10 дарегиндеги №83 мектепте, Ленин районунда Жогорку Жал кичи району 45 дарегинде жайгашкан №95 мектепте, Свердлов районунун "Дордой" конушундагы №94 мектепте, Октябрь району: Абдымомунов көчөсү 197 дарегинде жайгашкан "Сейтек" Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда ачылды.
Мэриядан кошумчалашкандай, күндүзгү стационарлардын баары кычкылтек концентраторлору жана керектүү дары-дармектер менен камсыздалган.