Жаңылыктар
"Бала башкарма" спектаклинин бет ачары өттү
Кыргызстан жаңылыктары
"Бала башкарма" спектаклинин бет ачары өттү

Бишкектеги Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында акын, жазуучу Асангүл Абдыгулованын калемине таандык "Бала башкарма" спектаклинин бет ачары өттү. 

Пьесанын сюжеттик өзөгү элдин совет мезгилинде баштан кечирген жашоосун баяндайт. Драманы Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры сахналаштырган. Оюнду Кыргыз Республикасынын эл артисти Таалай Касымалиев койду. Режиссёр пьеса аркылуу ошол кездеги адамдардын мүнөзү, бири-бирине кылган мамилеси, дегеле совет мезгилиндеги коомдун жүзүн ачып бергенге аракет кылган. Эми каражат менен уюштуруу маселеси чечилсе театрдын репертуарына кирген "Бала башкарма" спектаклин аймактарга чейин барып коюу жагы дагы пландаштырылууда.