Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылында түшүм жыйноо башталды.
Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов иш сапары менен Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнө барды. Облус башчысы дыйкандар менен жолугуп, сугат суу жана экспортко чыгаруу маселеси боюнча сүйлөшүштү. “Негизинен дыйканчылык менен алек болушкандыктан суунун канчалык деӊгээлде зарылдыгын түшүнөм. Араван районунун потенциалы абдан чон, жылына эки жолу түшүм алган бул райондо жашылча-жемиштердин түрлөрүн, мөмө-жемиштерди, айрыкча, кайналы бактарды көбөйтүп, Россияга эскпорттоого мүмкүнчүлүк бар, ошого баарыбыз чогуу аракет кылышыбыз керек”, - деди Жарасул Абдураимов. Белгилей кетсек, Төө-Моюн өлкөдө эң алгач түшүм алган айыл катары белгилүү. Аталган айылда жалпы 10 миң гектар айдоо аянты бар. Төө-Моюнда гилас, шабдалы, кайналы, дарбыз, коон, буудай өстүрүлөт. Сугат суу Ноокат районундагы “Найман” суу сактагычы аркылуу жана 10го жакын скважиналар аркылуу камсыз кылынат. Төө-Моюн айыл өкмөтүндө сугат суу тартыштыгынын көйгөйү жок, учурда түшүм жыйноо жумуштары жүрүп жатат.