Саламаттык сактоо органдары коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн тийиштүү медициналык жабдуусу каралган кошумча керебеттерди жайгаштыруу жана көбөйтүү боюнча ыкчам чараларды көрүшү керек.
Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде айтты. «Коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн стационардык мекемелерде негизги жана резервдик орундардын жетиштүү болушун дайыма көзөмөлдөп туруу зарыл. Орундардын жана дары-дармек каражаттарынын жетишсиздигине жол берилбеши керек. Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында кошумча орундарды ачууда зарыл болгон медициналык кадрлардын резервин камсыздоо зарыл», - деди ал. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, COVID-19 каршы күрөшүүдөгү негизги чара катары калкты кеңири масштабдуу вакцинациялоо болуп саналат. Биз кырдаалдын начарлашына даяр болушубуз керек», - деди Жылдыз Бакашова.
Кеңешменин жыйынтыгы менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү минисрлигине бир жумалык мөөнөттө "кызыл зоналарда" жана мобилдик бригадаларда иштеген медициналык кызматкерлер үчүн обсервациялык зоналарды уюштуруу маселесин чечүү, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында кошумча орундарды ачууда зарыл болгон медициналык кадрлардын резервин камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо уюмдарын коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдарды дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер жана медициналык буюмдардын үч айлык кору менен камсыз кылуу, Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүнүп берилген дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды зарылдыгына жараша коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык абалы начарлап жаткан аймактардагы жана шаарлардагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүү тапшырмасы берилди.