Жаңылыктар
Жогорку Соттун төрайымы аймактарды кыдырды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Соттун төрайымы аймактарды кыдырды

Ушул күндөрү Жогорку Соттун Төрайымы Нургүл Бакирова Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын сот органдарына иш сапары менен барды.

Талас райондук, шаардык, Бакай-Ата райондук, Талас облустук сотторунда болду. Нургүл Бакирова жумушчу сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү соттордун судьялары, кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушту.

Төрайым мыйзамдарды жаңы Конституцияга ылайык келтирүү, сот аткаруучуларынын ишин өркүндөтүүгө багытталган тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси жөнүндө маалымат берди. Ал сот кызматкерлерин бирдиктүү сот практикасына жетишүүгө, жергиликтүү бийлик жана коомчулук менен тыгыз иштешүүгө, ошондой эле мыйзамдын талаптарын так аткарууга чакырды. Жогорку Соттун Төрайымы андан кийин сапарын Нарын облусунда улантты. Ал жакта Нургүл Бакирова соттордун бардыгы жана сот кызматкерлери менен жолугушту. Ал судьяларды кынтыксыз жүрүм-турумга жана соттун ар-намыс кодексин сактоого өзгөчө көңүл бурууга үндөдү.

Төрайым жеке өзү үч аймактын сот органдарынын материалдык-техникалык жабдылышы жана актуалдуу көйгөйлөрү менен таанышып, оюн укту.

Ошондой эле Нургүл Бакирова ар бир сотто сот отурумунун иштеп жаткан аудио жана видео жазуу тутумдары, соттун автоматташтырылган маалымат тутуму менен таанышты.