Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жаңы заманбап мектептин курулушу аяктады.
Кызыл-Ата айылындагы окуу имараты салтанаттуу ачылды. Эки кабат мектеп 225 балага ылайыкталган. Ал чет элдик өнүгүү фондунун эсебинен 69 млн сомго курулду. Окуу имаратында ашкана, спорттук жана маданий иш-чаралар өтүүчү залдары бар. Эски мектептин имараты авариялык абалда турган.
Ала-Бука районунда жалпысы 45 мектеп бар. Анын алтоо авариялык абалда. Учурда үч мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Алардын бири быйылкы жылы пайдаланууга берилет.