20-июнь - Кыргызстанда суу чарба кызматкерлеринин күнү. Кесип ээлерин майрамы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов куттуктады.
"Суу – бул өмүр! Сугат суусуз айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жана мыкты түшүм алууга мүмкүн эмес. Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүү бөлүгү. Бүгүн, кургакчылык шартта, биздин дыйкандарыбыз сугат сууга таңкыс болуп турган учурда сиздердин эмгегиңиздер абдан маанилүү!
Министрлер Кабинети ирригациялык тармактарды жана каналдарды өнүктүрүү зарылдыгына маани берүү менен алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Жакынкы арада биздин алдыбызда сугат суу көйгөйүн чечүүгө, ирригациялык тармактарды оңдоого жана сугат жерлердин аянтын жогорулатууга жөндөмдүү жаңы каналдарды курууга багытталган биргелешкен иш турат.
Ошол эле учурда тамчылатып сугаруу, жаңы скважиналарды казуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу ыкмасын активдүү пайдалануу менен тармактагы жаны технологияларды өнүктүрүү зарыл.
Кымбаттуу суу чарба кызматкерлери, биз биргеликте алдыга коюлган милдеттерди толугу менен чече аларыбызга ишенем, анткени Кыргыз Республикасы чоң суу ресурстарына ээ.
Ушул майрам күнү бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубаттуулук, тынчтык, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! Майрамыңыздар менен!" - деп айтылат Министрлер кабинетинин Төрагасынын куттуктоосунда.