Жаңылыктар
Руслан Казакбаев Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугушту

Ушул күндөрү өтүп жаткан Анталия дипломатиялык форумунун аянтчасында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугушту. 

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын апрель айында Иран Ислам Республикасынын министри Жавад Зарифтин Бишкек шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана жыйынтыктарды талкуулоо менен тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын деңгээлине канааттангандыгын жана мындан аркы өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. 

Эки мамлекеттин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары 2020-жылы пандемияга байланыштуу токтотулган Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы авиакаттамды үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда калыбына келтирүүгө оң баа беришти.