Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы аныкталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына 16-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди 18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Атайын кызмат аны 16-июнда Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармаган. УКМК Салиев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда артыкчылыктардан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган.
Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын 11-декабрынан тартып 2020-жылдын октябрь айына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине "бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт" деген сын айтылып келген.