Жаңылыктар
Элеттик аялдардын абалы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат
Кыргызстан жаңылыктары
Элеттик аялдардын абалы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат

Элеттик аялдардын абалы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бул туурасында Бишкек шаарында элеттик аялдар күнүнө карата өткөн иш-чарада айтылды. 

Анда коомдун өнүгүшүндө айыл жериндеги аялдардын ролу, кошкон салымы зор экендиги жана алардын социалдык статусун жогорулатуу үчүн экономикалык, социалдык, укуктук шарттарын жакшыртуу маселеси козголду. Катышуучулардын айтымында, аялзаты - үй-бүлөдө гана эмес, өлкөдө дагы тынчтыкты, стабилдүүлүктү, ынтымакты жана мамлекеттин гүлдөп-өсүшүн камсыздай алган кубаттуу күч.