Жаңылыктар
Автомектептер талапка жооп бербесе жабылсын
Кыргызстан жаңылыктары
Автомектептер талапка жооп бербесе жабылсын

Талапка жооп бербеген автомектептер жабылышы керек. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазды. 

Ал Кыргызстанда автокырсыктардын көбү айдоочулар каршы тилкеге чыгып же мас болуп машине айдагандыктан болорун билдирди. “Автомектептер акыркы ирет 2018-жылы текшерилген. Автомектептерге текшерүү жүргүзө турган тутум жана критерийлерди кайрадан карап чыгуу зарыл. Белгиленген талаптарга жооп бербеген автомектептер лицензиядан биротоло ажыратылып, "кара тизмеге" киргизилиши керек” - деп жазган Марипов.

Расмий маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси быйыл беш айда 82 миңден ашык айдоочулук күбөлүк берди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 600гө көп. Алардын ичинен 41 миң 500 киши айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алгандар. 27 миң 500 адам күбөлүгүн жоготуп же мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кайра алгандар.

ИИМдин маалыматында, өлкөдө 235 автомектеп бар. Анын ичинен 119уна эскертүү берилген, 14үнө айып пул салынып, 13үнүн ишмердиги үч айга убактылуу токтотулган. Кыргызстанда соңку апталарда автокырсыктар көп катталып, андан ондон ашык киши каза болду.