Жаңылыктар
Өзбекстандын Фергана облусунун кезектеги делегациясы Кадамжай районуна келди
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстандын Фергана облусунун кезектеги делегациясы Кадамжай районуна келди

КРдин Президенти Садыр Жапаровдун март айындагы Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-өзбек кызматташтыгы боюнча Өзбекстандын Фергана облусунун кезектеги делегациясы Кадамжай районуна келди. 

Алардын облус башчысы Хайрулло Базаров баштаган делегациясын Министрлер Кабинетинин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев тосуп алды. Эки тараптуу жолугушуу негизинен туризм тармагы боюнча кызматташуу багытында жүрүп, Кадамжай районундагы Курбан-Көлгө чыгуучу аркан жолдун ачылуу аземине катышышты. 

Тараптар туризмди өнүктүрүү боюнча аракеттердин 1-этабы башталганын айтышты. Мында чек аралардан туристтердин өтүү шарттарын жеңилдетүү макулдашыларын билдиришти.