Бүгүнтөн тартып Бишкек — Балыкчы — Бишкек каттамы боюнча поезд каттай баштады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган каттам боюнча поезд эс алуу мезгили аяктаганга чейин каттайт. Билет баасы — 5 жаштан 10 жашка чейинкилерге - 34 сомдон, 10 жаш жана андан улууларга - 69 сом. Ал эми 5 жашка чейинки балдардан жол кире акысы алынбайт.
"Коронавируска каршы чектөөлөрдү сактоо үчүн жүргүнчүлөргө сөзсүз беткап тагынып саякаттоого уруксат берилет жана кол кап кийүү сунушталат. Поездде вагондордун ортосунда жүргүнчүлөрдүн кыймылына тыюу салынган", - деп кошумчалашты ишкананын басма сөз кызматынан.