Жаңылыктар
17-июндан 21-июнга чейин атайын минибустар кыргызстандыктарга биометриядан өтүүгө жардамдашат
Кыргызстан жаңылыктары
17-июндан 21-июнга чейин атайын минибустар кыргызстандыктарга биометриядан өтүүгө жардамдашат

17-июндан 21-июнга чейин атайын минибустар кыргызстандыктарга биометриядан өтүүгө жардамдашат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, биометрикалык каттоо шайлоодо шайлоочулардын добуштарын так саноону камсыздоонун чечүүчү бөлүгү болуп саналат. Биометрикалык каттоонун бар болушу шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз катары кызмат кылат. 

Учурда шайлоочулардын тизмесине 3 млн 606 миң 201 шайлоочу киргизилген. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин кеңейтүү жана жаңылоо боюнча тынымсыз иш жүргүзүүдө. Атап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо алдында Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык уюмдардын колдоосунда мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча алгач ирет өнөктүк өткөргөн. 

Керектүү техникалык жабдыктар менен жабдылган атайын микроавтобустар республиканын шаарларын, айылдарын кыдырып, 2 миң 329 жаран биометрикалык каттоодон өткөн.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо өтөт.